Signal'га колдоо көрсөтүү

Берүүнүн башка жолдору

Signal пайда көрүү же маалыматтарды сактоо үчүн эмес, атайын сизге арналып чыгарылган. Сөз эркиндигин коргоп, баштапкы коду ачык купуялык технологиясы аркылуу дүйнө жүзү боюнча коопсуз байланышты камсыз кылуу миссиябызды силердин колдооңор менен ишке ашырабыз. Купуя шартта жазышасыз. Жарнамалар жок, эч ким сизге көз салбайт жана аңдыбайт.

Силердин колдооңор менен, Signal кызматын иштеп чыгып, Signal'ды дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга жеткиликтүү кылган серверлер менен жыштыктар тилкесин оңдоп-түзөп турабыз.

Кайрымдуулук кылып жатып электрондук почта дарегиңизди көрсөтсөңүз, ага салыктын дүмүрчөгүн аласыз. Signal Technology Foundation - Салык кодексинин 503с3 бөлүмү боюнча салыктардан бошотулган көз карандысыз коммерциялык эмес кайрымдуулук уюму. Биздин федералдык идентификациялык салык номерибиз - 82-4506840.

Эскертүү: Signal аккаунтуңузда көрүнө турган төшбелгини алуу үчүн Signal колдонмосунун ичинде гана колдоо көрсөтүшүңүз керек.


Берүүнүн башка жолдору

Signal донорлор каржылаган фонддордон криптовалюта, акциялар жана белектер түрүндө кайрымдуулуктарды кабыл алат (DAF). Салымдарды Giving Block компаниясы иштетет.

Эгер АКШда кайрымдуулук иретинде берген салымыңыздан учурдагы базар баасында салык алынсын десеңиз, салык дүмүрчөгү жөнөтүлө турган электрондук почта дарегиңизди көрсөтүңүз. Giving Block компаниясы DAF фонддорунан криптовалюта түрүндө жашыруун салымдарды да иштетет.

Эскертүү: Signal аккаунтуңузда көрүнө турган төшбелгини алуу үчүн Signal колдонмосунун ичинде гана колдоо көрсөтүшүңүз керек.